Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:04

Өзбекстанда жеке машинесин колдонууга, балдар менен сейилдөөгө уруксат берилди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев коронавирус пандемиясынан улам киргизилген карантиндин айрым шарттары жумшара турганын билдирди. Ага ылайык, эми жарандарга жумушка, дарыканага, дүкөндөргө баруу үчүн эртең мененки 7ден 10го чейин, кечинде 5тен 8ге чейин жеке автоунаасын колдонууга уруксат берилди. Ошондой эле өз үйүнүн жанында балдар менен сейилдеп, ойноого тыюу салынбайт. Мындай эреже буга чейин атайын уруксат кагазын алган айдоочуларга тиешелүү эмес.

Президент ошондой эле аймактарга, шаарларга айыл чарба өнүмдөрүн жеткирүүгө да уруксат берди. Эми дыйкандар мөмө-чөмө, жер-жемишин бир аймактан экинчи аймакка ташып барып сата алат.

Өзбек бийлиги чет өлкөлөр менен авиакаттамды чектөөнү 30-июнга чейин узартты. Бирок учак аркылуу жүк ташуу уланып жатат.

Расмий маалымат боюнча, Өзбекстанда коронавирус эки миңден ашык адамдан табылды жана алардын теңи айыкты. Бул илдеттен тогуз адам көз жумду.

XS
SM
MD
LG