Бул тууралуу өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев 30-апрелде парламентте депутаттын суроосуна жооп берип жатып билдирди. Анын айтымында, коронавирус пандемиясына байланыштуу өзгөчө кырдаал шартында бюджетти үнөмдөш үчүн социалдык мекемелердин курулушу убактылуу токтотулат. Бирок медициналык мекемелердин курулушу токтотулбайт.
Кыргыз өкмөтү быйылкы өзгөчө кырдаал шартында мамлекеттик бюджетке 30 млрд. сом жетпей каларын божомолдогон. Ага ылайык, үнөмдөө максатында мамлекеттик кызматкерлердин айлык акысы, пенсия, жөлөкпул төлөө, коммуналдык, айыл чарба, ирригация, жол курулуштары жана таза суу менен камсыздоо иштеринен башка иштердин баары убактылуу токтотуларын билдирген. (ZKo)