Киевде шаршембиде жүздөгөн ишкерлер Өкмөт Үйүнүн алдына чогулуп, келаткан жума күндөн тартып санитардык чектөөлөрдү алууну талап кылышты. Алар ошондой эле кирешеден куру калган кичи жана орто ишкерликке кенемте төлөп берүү маселесин да көтөрүштү.
Өкмөт азырынча каржылык колдоо боюнча чечим кабыл ала элек. Ал эми 30-апрелден тартып санитардык эрежени катуу сактоо талабы менен 900дөй базар ачыла турган болду.
Эгер вирустун таралышы күчөп кетпесе башка тейлөө жайлары 11-майдан кийин акырындап ачылмакчы.
Пандемиянын кесепетинен миңдеген адам жумушсуз отурат. Украин өкмөтү аларды колдош үчүн алты миллиард гривен же 220 миллиондон ашык доллар бөлгөн.
Украинада коронавирус 10 миңден ашык адамдан табылды жана алардын бир миңден көбү айыгып чыкты. Илдеттен 260тай адам ажал тапты.