Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:01

Дүйшөмбү шаарында «Корвон» баштаган базарлар жабылды


«Корвон» базары.
«Корвон» базары.

Тажикстандын Дүйшөмбү шаарынын жетекчилиги негизинен кийим-кече, буюм-тайым сатылган ири «Корвон» базары баштаган жайларды 30-апрелден 10-майга чейин жапты. Мэрия тараткан учкай билдирүүдө мындай базарлар «Дүйшөмбү шаарынын тургундарынын саламаттыгына кам көрүү максатында жана коронавирустун жайылышынын алдын алыш үчүн» жабылганы айтылат.

«Корвон» шаардагы эң ири базар болуп эсептелет жана анын аянты 27 гектарды түзөт. Базарда үч миңден ашык ишкер жүздөгөн соодагерлерди иш менен камсыз кылат.

Тажик бийлиги өлкөдө коронавирус каттала элек экенин билдиргени менен ооруну ооздуктоо аракеттерин көрүп жатат.

Расмий адамдар соңку күндөрү оорудан ажал тапкан адамдардын илдети башка болгон деп ишендиргенге аракет кылууда.

XS
SM
MD
LG