Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Март, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 23:06

Тажикстанда коронавирус 15 адамдан табылды


Иллюстрациялык сүрөт.

Бул тууралуу «Азаттыктын» тажик кызматы премьер-министр Кохир Расулзода жетектеген коронавирус пандемиясынын алдын алуу боюнча мамлекеттик комиссиядагы ишенимдүү булагына таянып билдирди. Ага ылайык, бул комиссия шаршембиде чукул жыйынга чогулган жана анда Дүйшөмбү шаарында беш адамдан, Хожентте 10 кишиден коронавирус табылганы айтылган. Жакынкы сааттарда бул тууралуу мамлекеттик телеканалдан расмий маалымат берилгени жатат.

Буга чейин тажик бийлиги өлкөдө коронавирус каттала элек экенин билдиргени менен ооруну ооздуктоо аракеттерин көрүп жаткан. Расмий адамдар соңку күндөрү оорудан ажал тапкан адамдардын илдети башка болгон деп ишендиргенге аракет кылышкан.

Дүйшөмбүдө негизинен кийим-кече, буюм-тайым сатылган ири «Корвон» базары баштаган жайларды 30-апрелден 10-майга чейин жабылды. Мэрия тараткан учкай билдирүүдө мындай базарлар «Дүйшөмбү шаарынын тургундарынын саламаттыгына кам көрүү максатында жана коронавирустун жайылышынын алдын алыш үчүн» жабылганы айтылат.

Өткөн аптада бийлик мектептерди эки жумага жапкан жана футбол боюнча мелдештерди токтоткон.

Пикирлерди көрүңүз (12)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG