Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:02

Июнга чейин ачылган бала бакчалардын лицензиясы жоюлат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда мамлекеттик да, жеке да бала бакчалар июнь айына чейин иштебейт. Бул тууралуу 30-апрелде онлайн-брифингде билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков билдирди.

Анын айтымында, июнь айына чейин иштей баштай тургандар болсо чара көрүлөт.

«Мамлекеттик бала бакчабы, менчикпи, баарыбыздын абалыбыз бирдей. Июнга чейин биз аларды иштете албайбыз. Ошондон кийин зарыл болгон, иштеп жаткан ата-энелердин балдары барган бала бакчаларды иштетүүнүн жолдорун издейбиз. Эгер 20-майдан тартып ишке кирише тургандар болсо алардын лицензиясы алынып, ишмердүүлүгү токтотулат».

Коронавируска байланыштуу карантинден улам башка мекеме-ишканалар сыяктуу эле мектептер жана бала бакчалар да убактылуу жабылган.

Бугүнкү күндө Кыргызстанда 1 миңден ашуун бала бакча бар, алардын 80ге жакыны жеке менчик. Тарбиялануучулардын жалпы саны 152 миң бала.

Коронавирустун алдын алуу максатында киргизилген өзгөчө абалга жана өзгөчө кырдаалга байланыштуу ишкана-мекемелердин кайра иштөөсүнө уруксат 1-майдан, 11-майдан жана 21-майдан тартып бериле баштайт. (RK)

XS
SM
MD
LG