Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:06

Орусиянын премьер-министри Михаил Мишустинден коронавирус табылды


Михаил Мишустин.
Михаил Мишустин.

Орусиянын премьер-министри Михаил Мишустинге коронавирус жукканы белгилүү болду. Ушундан улам өкмөт башчынын милдетин аткаруу биринчи вице-премьер-министр Андрей Белоусовго жүктөлдү. Бул тууралуу Мишустин бейшемби күнү «Россия 24» каналынын эфиринде айтты.

Ал башкалардан обочодо болуп, ошол эле кезде өкмөт мүчөлөрү менен байланышта экенин билдирди. Мишустин орусиялыктарга кайрылып, өлкөдө киргизилген чектөөлөргө олуттуу кароого чакырды.

Соңку маалыматтар боюнча Орусияда коронавирус 106 498 кишиге жукту. Илдеттен 1073 адам каза болуп, 11 619 киши айыгып чыкты. Жугуштуу ооруга чалдыккандардын көбү Москва шаарында.

Орус бийлигинин божомолу боюнча эпидемиянын туу чокусу май айынын башына туура келет. Аптанын башында президент Владимир Путин өлкө боюнча эс алуу күндөрүн 11-майга чейин узарткан. Айрым аймактарда карантин жарыяланган.

XS
SM
MD
LG