Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Март, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:02

Индияда коронавирустан улам 140 миллион киши ишсиз калды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Индияда коронавирустун жайылышына каршы көрүлүп жаткан чектөө чараларына байланыштуу 140 миллиондой адам ишсиз калды. Бул тууралуу «The Financial Times» гезити Индия экономикасына мониторинг жүргүзүү борборуна шилтеме берип жазды.

Кызматкерлерди жумуштан бошотуу – жумушсуздуктун деңгээлин сегизден 26 пайызга чейин жогорулатат.

1 миллиард 300 миллиондон ашуун калкы бар Индияда 35 күндөн бери катаал карантин чаралары колдонулууда. 33 миңден көп киши вирус жуктуруп алды, миңден ашууну көз жумду.

«Bloomberg» агенттиги жакын арада карантин чаралары жумшартылап деп күтүлүп жатканын кабарлады. Медициналык эксперттер бул учурда ооругандардын саны көбөйүп кетиши ыктымал деп чочулап жатышат.

XS
SM
MD
LG