Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Март, 2021 жума, Бишкек убактысы 07:35

Ош шаарында өрт кырсыгы бир адамдын өмүрүн жалмады


Иллюстрациялык сүрөт.

Ош шаарында өрт кырсыгы бир өмүрдү жалмады. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы 1-майда кабарлагандай, окуя Кара-Суу көчөсүндө жайгашкан кабат үйлөрдүн бириндеги батирде болгон.

20 чарчы метрлик бөлмө күйүп, өрттүн кесепетинен үй ээси, 71 жаштагы аял киши каза болду.

Кырсыкка эмне себеп болгону азырынча белгисиз.

Соңку бир сутка ичинде Кыргызстанда бир өрт кырсыгы катталды. (RK)

XS
SM
MD
LG