Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 06:41

Кыргызстан: COVID-19 жуккан балдардын саны жүздөн ашты


Кытай. Медайым коронавирус жуккан ымыркай менен отурат. 16-март, 2020-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.
Кытай. Медайым коронавирус жуккан ымыркай менен отурат. 16-март, 2020-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда коронавирус жуккандардын арасында бирге толо элек ымыркайлардын саны бешөө. Бул тууралуу 1-майда саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова билдирди:

"Жалпысынан бул илдет 15ке чыга элек 102 баладан табылды, алардын бешөө бирге толо элек".

Баары тең ооруканага жаткырылган, көбүнүн абалын дарыгерлер канааттандырарлык деп мүнөздөп жатышат.

Арасында оорусу жеңил жана орточо оор өтүп жаткандары да бар.

102 баланын 59у ооруканадан чыккан.

Бүгүнкү күнгө карата Кыргызстанда бул илдет 756 адамга жукту, алардын сегизи кайтыш болду, 504 бейтап сакайып кетти. (RK)

XS
SM
MD
LG