Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:40

Штаб: Кыргызстанда коронавирус жуккандар менен байланышта болгон 3 миңден ашуун адам бар


Кыргызстан. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстан. Иллюстрациялык сүрөт.

1-майга карата Кыргызстанда коронавирус жуккандар менен байланышта болгондордун жалпы саны 3139 адам. Бул тууралуу Коронавируска каршы республикалык ыкчам штаб кабарлады.

Штабдын маалыматына караганда, бул көрсөткүч эпидемиологиялык изилдөөлөргө жараша өзгөрүп турушу ыктымал.

Ал эми обсервацияда 874 адам жатат.

Бүгүнкү күнгө карата Кыргызстанда бул илдет 756 адамга жукту, алардын сегизи кайтыш болду, 504 бейтап сакайып кетти.

Коронавируска байланыштуу жарыяланган өзгөчө абал Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында жана Ат-Башы районунда 10-майга чейин, ал эми калган аймактарда өзгөчө кырдаал режими калтырылган.

1-майдан тартып айрым чектөөлөр алынды. (RK)

XS
SM
MD
LG