Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:07

Жээнбеков: Эмгектин баркы азыр даана көрүнүп жатат


Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков.

Жалпы дүйнө жүзүндө ишмердүүлүк кыскарган азыркы учурда эмгектин баркы, жашоо эмгек менен гана мазмундуу экени дагы бир ирет даана көрүнүп жатат. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбековдун кыргызстандыктарга 1-Май - Эмгек майрамына карата жолдогон куттуктоосунда айтылат.

Мамлекет башчысы “бардык ийгиликтерге талыкпаган эмгек менен гана жетишкен коомбуз” деп, өлкөнүн өнүгүүсү, бүгүнкүсү жана келечеги табигый ресурстарга, жаратылыш байлыгына гана эмес, эмгек адамынын аракетине негизделгенин белгиледи:

“Биздин мамлекетибизде адам ресурсун өнүктүрүү, эмгек адамын даңазалоо - ар дайым маанилүү багыт бойдон кала берет. Замандын жаңы талаптарына татыктуу жооп бере алган коомду, өнүккөн мамлекетти куруу үчүн бирге аракет жасап, чогуу эмгек кылалы. Бардык мекендештериме ден соолук, бакыт-таалай, ийгилик каалайм! Жараткан Кудайым колдоп, ар дайым элибизде биримдик, Кыргызстаныбызда тынчтык болсун!».

Кыргызстанда 1-май – Эмгек майрамы катары дем алыш күн деп жарыяланган.

Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин 2019-жылдын февраль айына карата маалыматы боюнча өлкөдө жумушсуздуктун жалпы деңгээли 6,9%, ал эми расмий деңгээли 3,1%. Бирок көз каранды эмес булактар бул көрсөткүч кыйла жогору экенин айтып келишет. Бир миллионго жакын кыргызстандык чет мамлекеттерде эмгек мигранты болуп жүрөт, алардын көбү Орусияда.

Учурда дүйнөнү коронавирус пандемиясы каптап турат. Бул илдет чек аралардын жабылышына, өндүрүштүн токтошуна, эмгек мигранттарынын оор абалга кептелишине себеп болууда. (RK)

XS
SM
MD
LG