Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:38

Орусияда бир күндө коронавирус 8 миңге чукул адамдан табылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Соңку бир суткада Орусияда коронавирус дагы 7933 адамдан аныкталды жана илдеттен 96 киши көз жумду. Бул оору адеп катталгандан берки дагы эң чоң көрсөткүч болуп калды. Акыркы бир канча аптадан тарта Орусияда коронавирус жугузуп алгандар тынбай көбөйүп жатат.

Жалпы ооругандардын саны 110 миңден ашты, коронавирустан көз жумгандар 1200гө чукулдады.

Ал арада Кремль Михаил Мишустин премьер-министрлик кызматтан кетиши мүмкүн деген маалыматтарды четке какты. Президенттин басма сөз катчысы Дмитрий Песков "РИА-Новости" маалымат агенттигине комментарий берип жатып, “бул сандырактык” деп айтты.

Михаил Мишустин коронавирус жугузуп алганы 30-апрелде белгилүү болду. Ал өзүн обочолоп, кызматтык милдетин убактылуу аткаруу биринчи вице-премьер-министр Андрей Белоусовго жүктөлдү.

Буга чейин орус Мамлекеттик Думасынын эки депутаты да жаңы вирусту жуктуруп алганы ырасталган.

XS
SM
MD
LG