Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-декабрь, 2020 бейшемби, Бишкек убактысы 19:15

Албанияда тажик жараны террорчулукка шектелип кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.

Албаниянын бийлиги Германия террор үчүн айыптаган тажик жаранын Интерполдун жардамы менен колго түшүрдү. Жергиликтүү маалымат каражаттары ал 24 жаштагы Комром Зухуров аттуу адам экенин, "Ислам мамлекети" террорчул уюмунун мүчөсү деп шектелип жатканын, 29-апрелде кармалганын билдиришти жана сүрөтүн жарыялашты.

Мунун алдында Германияда 15-апрелде «Ислам мамлекети» террорчул уюмунун мүчөлөрү деген шек менен Тажикстандын төрт жараны камакка алынган. Полиция алар Түндүк Рейн-Вестфалия аймагынын ар кайсы жерлеринен колго түшкөнүн, алар Германиядагы АКШнын аскердик жайларына кол салууну көздөп жүргөнүн маалымдаган. Колго түшкөн 24-32 жаштагы жарандар Германияда качкын катары жашап жатышкан.

Прокурорлордун айтымында, алар алгач өз мекенинде кол салуу уюштурууну көздөшкөн, кийин оюн өзгөртүп, Германиядагы АКШнын аскердик жайларын жана ислам динин сындаган деген бир адамды бутага ала башташкан. Алар Сириядагы жана Ооганстандагы «Ислам мамлекети» террорчул уюмунун жогорку даражалуу эки өкүлү менен такай байланышып жүрүшкөн. Тажикстан Германияда камакка алынган жарандарына байланыштуу комментарий берген эмес.

XS
SM
MD
LG