Кара-Суу районунда өзгөчө абал алынганы менен, блокпосттор кала берет. Бул тууралуу Ош облусунун, Ош шаарынын, Кара-Суу жана Ноокат райондорунун комендатурасынын басма сөз борборунун башчысы Жеңиш Аширбаев билдирди. Анын айтымында, кыймылды басаңдатуу үчүн айылдарда жана шаарга кирип чыккан жерлерде жайгашкан блокпосттор алынбайт.
«Биз блокпостторду алып салсак, баары сыртка чыгып жатат. Ошондуктан айылдар, райондор аралык чек араларда блокпосттор калды. Кара-Сууга кирип чыккан жерлерде, оору чыккан айылдарда алынбайт. Майрамда баары шаарга агылып жаткан учурда байланышты мүмкүн болушунча азайтышыбыз керек. Өзгөчө кырдаал болгон райондордо постту кайсы жерге коюп, кайсы жерден алууну жергиликтүү бийлик өз алдынча чечет», - деди Аширбаев.
1-майдан тартып айрым ишканалардын ишине уруксат берилгендиктен Ош шаарына кирген машинелер көбөйдү. Шаарга кирген машинелерге көзөмөл күчөтүлүп, Ош шаары менен Кара-Суу району чектешкен эки көчөгө кошумча блокпост коюлган.
25-марттан тартып, оору көп катталган Бишкек, Жалал-Абад, Ош шаарларында, Кара-Суу, Ноокат жана Сузак райондорунда өзгөчө абал жарыяланган. Президенттин 28-апрелдеги жарлыгына ылайык, өзгөчө абал 1-майдан Нарын шаарынан, Кара-Суу, Ноокат жана Сузак райондорунан алынган.
Республикалык штабдын маалыматында 1-майга карата Ош облусунда COVID-19ду жуктуруп алгандардын саны 277ге жетти. (DU)