Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:52

Өзбекстанда Сардаба суу сактагычындагы дамба жырылды (видео)


Кырсык болгон аймакка президент Шавкат Мирзиёев да келди.
Кырсык болгон аймакка президент Шавкат Мирзиёев да келди.

Өзбекстандын Сырдарыя облусунда 1-майдын таңында Сардаба суу сактагычында дамба жырылып кетти. Кырсык болгон аймактагы айыл-кыштактардан 12 миңге чукул адам чукул эвакуацияланды.

Күбөлөр тарткан бул видеодон тосмону жырып өткөн суунун ташкындап агып жатканын көрүүгө болот. "Азаттыктын" өзбек кызматына кырсык болгон аймакта жашагандар милиция кызматкерлери аларды таңкы саат 6да кыйкырып ойготушканын, ошол жерден чукул арада кетип калууга чакырышканын айтып беришти.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги азырынча курмандыктар же жабыркагандар тууралуу маалымат түшө электигин билдирди. Сардаба районунун Кургантөбө айылын суу каптаганы, жанаша жайгашкан башка айылдардын эли да көчүрүлө баштаганы кабарланууда.

Окуя болгон жерге президент Шавкат Мирзиёев дагы келди. Ага чейин премьер-министр Абдулла Арипов баштаган өкмөт жетекчилиги кырсык болгон аймакта жүрүшкөн.

Сардаба суу сактагычын куруу 2010-жылы башталган жана аны куруу ошол кездеги премьер-министр Шавкат Мирзиёевдин демилгеси болгону айтылган. Суу сактагыч 2017-жылы курулуп бүткөн, ага 922 миллион кубметр суу батат. Суу сактагычтын бийиктиги 28,8 метрди түзөт.

XS
SM
MD
LG