Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Март, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:42

Кесиптик кошуундар эмгекчилерди Интернетте колдоого чакырууда


Эмгекчилердин эл аралык күнү дүйнөнүн бир топ мамлекеттеринде белгиленет.
Эмгекчилердин эл аралык күнү дүйнөнүн бир топ мамлекеттеринде белгиленет.

Коронавирус пандемиясынан улам дүйнөнүн бир топ өлкөсүндө 1-май Эмгекчилердин эл аралык күнүндө ири иш-чаралар, жумушчулар маселесин көтөргөн нааразылык акциялары, демонстрациялар өтпөй калды.

Британияда Кесиптик кошуундар конгресси коронавируска каршы күрөшүп жаткан Улуттук саламаттык сактоо кызматынын өкүлдөрүнө социалдык тармактар аркылуу ыраазылык билдирүүгө чакырды. Ошондой эле үйлөрүнүн терезелерине, балкондоруна куттуктоо сөздөрүн жазып илип койгондор да болду.

Данияда ири Кесиптик кошуун "Фейсбук" социалдык тармагында жумушчуларды колдогон атайын акция баштады. Марокко менен Тунисте да кесиптик кошуундар бул күндү Интернетте белгилөөгө үндөштү.

Францияда жумушчулардын кыймылдары жарандарды өз үйлөрүндө жана социалдык тармактардагы баракчаларында акция өткөрүүгө чакырышты. Алар айрыкча саламаттык сактоо тармагында, ири дүкөндөрдө аз айлыкка иштеген жумушчулар маселесин эскертип жатат.

Германия карантин чараларын жумшарта баштагандыктан Эмгекчилердин эл аралык күнүндө Берлиндин кээ бир жерлеринде адамдар митингге чыгышты.

Италияда салтка айланган май айындагы концерт көрүүчүлөрсүз өтмөкчү. Грецияда Кесиптик кошуундар өз мүчөлөрүн 10 адамдан ашык чогулууга болбойт деген карантин чараларын сактогоо чакырды.

Индонезиянын Жакарта шаарында полициянын тыйганына карабай марш өттү. Кытай бул күндү эки күн майрамдаганы жатат.

Туроператорлордун биринин эсебинде, быйыл май майрамдарында 90 миллион адам эмгек өргүүсүнө чыкмакчы. Бул 2019-жылы майда эс алгандардын теңине жакынын гана түзөт.

XS
SM
MD
LG