Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:56

2-май: Коронавирус 13 адамдан жаңы табылды, 23 адам айыкты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

2-майга карата Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде 13 адамдан коронавирус жаңы аныкталды. Алардын экөө - медицина кызматкерлери. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова 2-майда брифингде кабарлады.

Жаңы катталган 13 бейтаптын үчөө Бишкек шаарында, бирөө Ош облусунда, экөө Ош шаарында, төртөө Жалал-Абат облусунда, экөө Баткен облусунда, бирөө Нарын облусунда катталды.

Бир сутка ичинде 23 бейтап айыгып чыкты.

Жалпысын 2-майга карата Кыргызстанда бул илдет 769 адамга жукту, алардын сегизи кайтыш болду, 527 бейтап сакайып кетти.

769 адамдын 200ү медицина кызматкери, алардын 114ү айыкты.

Коронавируска байланыштуу 30-апрелге чейин Бишкек, Ош, Жалал-Абад жана Нарын шаарларына, Ош облусунун Ноокат жана Кара-Суу райондоруна, Жалал-Абад облусунун Сузак районуна жана Нарын облусунун Ат-Башы районунун аймагына өзгөчө абал киргизилген.

28-апрелде Коопсуздук кеңешинин чечими менен өзгөчө абал Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында жана Ат-Башы районунда 10-майга чейин узартылды, ал эми калган аймактарда өзгөчө кырдаал режими калтырылды.

Кыргызстандык адистер өлкөдө коронавирус жуккандардын саны эң көп каттала турган мөөнөт 20-24-апрель болот деп болжолдогон.(ZKo)

XS
SM
MD
LG