Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:53

Ким Чен Ын 20 күндөн кийин элге чыкканы кабарланды


Заводдун ачылышында тасма кесип жаткан Ким Чен Ын. Пхеньян шаары, Түндүк Корея. Сүрөт маалымат каражаттарына 2-май күнү жарыяланды.
Заводдун ачылышында тасма кесип жаткан Ким Чен Ын. Пхеньян шаары, Түндүк Корея. Сүрөт маалымат каражаттарына 2-май күнү жарыяланды.

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын 20 күндөн кийин элге чыкканы кабарланды. Түндүк Кореянын борбордук маалымат агенттиги 2-майда Ким Чен Ын Пхеньянда заводдун ачылышына катышып, тасма кескенин жазды.

Агенттиктин маалыматына караганда, Ким Чен Ын заводдун ачылышына башка аткаминерлердин жана карындашы Ким Ё Чжондун коштоосунда келген. Ким Чен Ын тасманы "Ураа!" деген ураандын алдында кескен. Бирок маалымат агенттиги өлкө лидери акыркы жумаларда элге чыкпаганын себебин жазган эмес.

Ишембиде жардамчылары менен кошо заводдун ачылышында күлүмсүрөп жүргөн Ким Чен Ындын сүрөтү жарыяланган. Сүрөттөр мамлекеттик Rodong Sinmun гезитинин сайтына да чыкканын Reuters агенттиги кабарлады.

Түндүк Корея коронавирус пандемиясынан улам чек арасын бекем жаап, оорунун жайылышынын алдын-алуу үчүн катаал чараларды киргизген.
30-апрелде берилген расмий маалыматтарга караганда, өлкөдө COVID-19 илдети катталган жок. Бирок адистер бул маалыматтын чындыгына ишенбестигин айтышууда.

XS
SM
MD
LG