Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:02

Оштогу 86 блокпосттун 14ү cакталат


Оштогу 86 блокпосттун 14ү cакталат. Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Узарбек Жылкыбаевдин 2-майда брифингде билдиргенине караганда, райондор аралык, облустун чек арасындагы жана Ош шаарына, Өзгөн, Кара-Суу шаарларына кире бериш жердеги посттор сакталып калды. Райондор арасында да кеңири өтүүгө уруксат берилбейт. Ал эми айылдардагы посттордун баары алынып бүттү.

Өкмөттүн Оштогу өкүлү коронавирустун жайылышына жол бербөө үчүн күнү-түнү, жеке коопсуздугуна карабай иштеген медицина кызматкерлеринин эмгегин текке чыгарбоону өтүнүп, облустун элин азырынча зарылдык болбосо сыртка чыкпай, үйдө отурууга чакырды.
Жылкыбаевдин маалыматына караганда, 1-майдан тарта уруксат берилбеген ишканалар да ишке чыгып алышканы байкалган. Алардын баарына эскертүү берилген.

Президент Сооронбай Жээнбековдун 28-апрелдеги жарлыгы менен Ош облусундагы Кара-Суу, Ноокат райондорунан, Жалал-Абад облусунун Сузак районунан, Нарын шаарынан өзгөчө абал алынган. Ал эми Бишкек, Жалал-Абад, Ош шаарларында, Ат-Башы районунда өзгөчө абал 10-майга чейин узартылган.

Кыргыз өкмөтү экономиканы жандандыруу максатында 1-майдан тартып, үч баскыч менен ишке кирүүчү ишканалардын тизмесин жарыялаган. Биринчи баскычтан ишке кирүүчү тармактарга өндүрүш, өнөр жайы, курулуш, соода тармагы, такси кызматы кирет. (ZKo)

XS
SM
MD
LG