Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:46

Казакстанда Дарига Назарбаеванын депутаттык ыйгарым укугу токтотулду

Дарига Назарбаева.
Дарига Назарбаева.

Сенаттын депутаты Дарига Назарбаеванын ыйгарым укугун токтотуу тууралуу жардыкка Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев кол койду.

Бул маалыматты Токаевдин администрациясы таратты. Анда президенттин буйругунан тышкары эч кандай маалымат айтылган эмес.

Президент Токаев өзүнүн твиттердеги баракчасына "Казак республикасынын парламент сенатынын төрагасы катары күжүрмөн жана жемиштүү иштегени үчүн Д.Н. Назарбаевага ыраазычылык билдирем" деп жазды.

Сенаттын расмий сайтында Назарбаеванын мандатын кайтарып алуу тууралуу маалымат жок.
Казакстанды отуз жылдан ашуун башкарган президент Нурсултан Назарбаевдин кызы Дарига Назарбаева атасы мамлекет башчылыктан кеткенден кийин, 2019-жылдын 20-мартынан бери Казакстан парламентинде Сенаттын спикери кызматын ээлеп келаткан.

XS
SM
MD
LG