Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-ноябрь, 2020 жекшемби, Бишкек убактысы 10:50

Күйүүчү май дагы 3,5 сомго арзандайт


Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда күйүүчү май жакынкы убактарда дагы 3 сом 50 тыйынга чейин арзандайт. Бул тууралуу Кыргызстандагы "Нефтетрейдерлер" ассоциациясынын президенти Канат Эшатов 2-майда брифингде билдирди. Анын сөзү боюнча январь-апрель айларында бензиндин чекене баасы 2,8-3 сомго, ал эми дизелдик күйүүчү майдын баасы 4 сом 70 тыйынга арзандады. Ал эми дүң баасы бензин жыл башынан бери 11,6 сомго, ал эми дизелдик күйүүчү май 11 сомго төмөндөдү.

"Күйүүчү майдын баасы арзандабай жатат деген дооматтар туура эмес. Баалар арзандап жатат. Өлкөдө күйүүчү майга таңсыктык жок, күйүүчү майдын бардык түрү менен камсыз болгон".

Эшатовдун маалыматына караганда, май айынын ичинде баалар дагы 3,5 сомго төмөндөшү күтүлүп жатат. Канат Эшатовдун сөзүнө караганда, Кыргызстандагы күйүүчү майдын баасы көз карандысыз шериктеш мамлекеттердин (КМШ) ичинде эң арзан баа болуп саналат.
Эшатовдун айтуусунда нефтетрейдерлер айыл чарба иштерин жүргүзүү үчүн күйүүчү майды 40 тыйынга арзандатууга макулдугун беришкен.

Ушул тапта Кыргызстанда бензин баасы 35-39 сомдун айланасында сатылып жатат. (ZKo)

Пикирлерди көрүңүз (11)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG