Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:43

Аба ырайы: Сел жүрүшү мүмкүн


Бишкек.
Бишкек.

Синоптиктердин маалыматына караганда, 3-майда нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дарыяларында суунун деңгээли көтөрүлүпт, тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү мүмкүн.

3-майда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо карга айланат. Күндүз көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо карга айланат.

Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 8…13, күндүз 19…24;

Суусамырда түнкүсүн 0…5, күндүз 14…19;

Таласта түнкүсүн 7…12, күндүз 19…24;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 9…14, күндүз 20…25;

Ысык-Көлдө түнкүсүн 4…9, күндүз 17…22;

Нарында түнкүсүн 3…8, күндүз 15…20;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн 0…-5, күндүз 5…10 градус жылуу болот.

Бишкек шаарында 3-майда түнкүсүн жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 11...13, күндүз 22...24 градус жылыйт.

XS
SM
MD
LG