Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:01

Испанияда коронавирустан 25 миңден ашуун киши көз жумду


Испанияда балдарды күнүнө бир саатка сейилдетүүгө уруксат берилди. Иллюстрациялык сүрөт.
Испанияда балдарды күнүнө бир саатка сейилдетүүгө уруксат берилди. Иллюстрациялык сүрөт.

Испаниянын Саламаттык сактоо министрлиги 2-майга карата акыркы суткада 276 адам коронавирустан каза болгонун кабарлады.

"Паис" гезитинин маалыматына караганда, бир жумадан бери оорудан көз жумгандардын саны азаюуда. 1-майга карата илдеттен 281 адам өлгөн.

Акыркы суткада 1147 адам коронавирусту жуктуруп алганы аныкталды.

Жалпысынан өлкөдө коронавирус илдетинен 25 100 адам көз жуумп, ооруга чалдыккандардын саны 216 582 адамга жетти.

Испанияда карантин жарыяланган 48 күндөн кийин тургундарга ачык асман алдында спорт менен жалгыздап машыгууга уруксат берилди. Мындан тышкары белгилүү бир убакытта балдар менен сыртта сейилдөөгө да болот.

XS
SM
MD
LG