Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:38

Өзбекстандагы суу ташкындан кийин Казакстандын Мактарал районунда өзгөчө кырдаал жарыяланды


Мактарал талаасындагы сел. 2-май, 2020-жыл.
Мактарал талаасындагы сел. 2-май, 2020-жыл.

Өзбекстандагы Сыр-Дарыя облусуна караштуу Сардаба суу сактагычындагы дамба жырылгандан улам пайда болгон суу ташкыны Казакстандын Түркстан облусун да каптады. Аймактагы Мактарал районунда өзгөчө кырдаал жарыяланып, атайын штаб түзүлдү.

Өзбекстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Сардаба суу сактагычынан аккан суу 1-май күнү саат 20:15 ченде токтотулганын маалымдаган.

Ал эми Казакстандын Мактарал районуна өзгөчө кырдаал 2-майга караган түнү, саат 00:00 чамасында киргизилген. "Азаттыктын" казак кызматы кабарлагандай, ошол учурдан тартып аймактагы Жеңис айылынын жашоочуларын эвакуациялоо иши башталган.

Суу ташкыны аймактагы Жаңа Турмыс жана Нурлы Жол айылдарына да капташы мүмкүн экени, элди чукул көчүрүү үчүн Мактарал районунун борборундагы Мырзакент шаарчасынан үч мектеп даярдалганы кабарланды.

XS
SM
MD
LG