Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:18

Өзбекстанда сел эки бир туугандын өмүрүн алды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Өзбекстандын Жизак облусунун Заамин районунда 14 жаштагы кыз менен 9 жаштагы баланы сел агызып кетти. Экөө бир тууган экени, азык-түлүк алганы дүкөнгө чыкканда селге туш болгонун облустук Ички иштер башкармалыгы кабарлады, бирок окуя кайсы күнү болгону тууралуу маалымат жок.

Куткаруучулар тапкан бала ооруканада көз жумган. Кыздын болсо сөөгү табылган. Алар өздөрү жашаган Ширин кыштагын аралап өткөн сайдагы ташкындаган суудан ажал табышкан.

28-апрелге караган түнү Өзбекстандын төрт облусунда күчтүү шамал болуп, Бухарада бир адам өлгөн, 41 киши жараат алган. Ошол күнү Жизакты сел каптаганы кабарланган эле.

Жизак облусунун Заамин жана Бакмал райондорундагы тоолуу өрөөндө бир катар кыргыз айылдары да бар.

XS
SM
MD
LG