Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:01

Лейлекте өзгөчө кырдаал жарыяланды (видео)


Сел каптаган үй. Лейлек району. 3-май, 2020-жыл.
Сел каптаган үй. Лейлек району. 3-май, 2020-жыл.

2-майдагы селдин кесепеттерине байланыштуу Лейлекте өзгөчө кырдаал жарыяланды. Акимдин буйругу менен атайын штаб түзүлдү. Бул тууралуу "Азаттыкка" Лейлек районунун акими Баймурат Бекмуратов билдирди. Анын айтымында, штабдын 3-майдагы жыйынына Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери катышып, мөндүрдүн жана селдин кесепеттерин жоюу маселесин талкуулашты. Ага ылайык, жакынкы күндөрү суу жууп кеткен жолдор, инфраструктура калыбына келтирилет жана зыяндын суммасы эсептелип чыгат.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, 2-май күнү саат 18:30дар чамасында мөндүр аралаш катуу жааган жамгырдын кесепетинен Лейлек районунда Тогуз-Булак, Мин-Жыгач айылдарында, Кара-Дөбө айылынын Катар участогунда жана Исфана шааарынын сел өтүүчү сайларда сел жүргөн. Аталган аймактарда үйлөрдүн короолорун сел каптаган.

Лейлектеги селдин кесепети
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:47 0:00


Исфана шаарында 10 үйдү жана жер төлөөсүн, 16 үйдүн тамаркаларын сел каптаган. Шаардагы "Арча-Бешик" балдар бакчасынын жер төлөсүнө 2 куб метр суу толгон.

Селден Исфана-Андарак-Көкташ, Самат-Замборуч-Жаркыштак, Ош-Баткен-Исфана жолдорунун айрым жерлери бузулуп, кум-ташка толуп калган.

Учурда аймакта Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, жергиликтүү бийлик жана башка мамлекеттик органдар селдин кесепеттерин жоюу иштерин жүргүзүп жатышат.

Сел жүргөн аймакта өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Равшан Рысбаев жетектеген ыкчам топ иштеп жатат. (ZKo/JsA)

XS
SM
MD
LG