Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:38

Каза болгон дарыгердин үй-бүлөсүнө 1 млн. сом кенемте төлөнүп берилет


COVID-19 илдетинен көз жумган дарыгер Жүзүмкан Көкүмбаева.
COVID-19 илдетинен көз жумган дарыгер Жүзүмкан Көкүмбаева.

Каза болгон дарыгер Жүзүмкан Көкүмбаеванын үй-бүлөсүнө 1 млн. сом кенемте төлөнүп берилет. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин жана башка бардык медицина кызматкерлеринин көңүл айтуусун министрликтин коомдук саламаттык башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова 3-майда брифингде билдирди. Анын айтуусунда, учурда маркум Жүзүмкан Көкүмбаевага коронавирус илдетине каршы күрөштө көз жумган медицина кызматкери катары мамлекет убада кылган 1 млн. сом кенемте төлөп берүү боюнча өкмөттүн жарлыгы даярдалып жатат.

Бишкек шаарындагы №3 үй-бүлөлүк медициналык борбордо үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жетекчиси, 58 жаштагы Жүзүмкан Көкүмбаева коронавирус жуктуруп алгандан соң 2-майда каза болгон.

Буга байланыштуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штабдын, Саламаттык сактоо министрлигинин жана башка бардык медицина кызматкерлеринин көңүл айтуусун министрликтин коомдук саламаттык башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова 3-майда брифингде жарыя кылды.

"Жүзүмкан Асановна Көкүмбаева саламаттыкты сактоо тармагында отуз жылдан ашык эмгектенген, өзүнүн ишин мыкты билген баалуу адис, кадырлуу дарыгер болгон. Саламаттыкты сактоо министрлигинин жамаатынын жана бардык медкызматкерлердин, Республикалык штабдын атынан анын жакындарына орду толгус жоготуу болгонуна байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтабыз".

2-май күнү Кыргызстанда коронавирус илдетин жуктуруп алгандан кийин дагы эки адам көз жумганы белгилүү болгон. Алардын бири - Бишкек шаарындагы №3 үй-бүлөлүк медициналык борбордо үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жетекчиси, 58 жаштагы Жүзүмкан Көкүмбаева. Каза болгон экинчи бейтап Жалал-Абад облусунун 69 жаштагы тургуну болгон. Республикалык штабдын маалыматында Асанованын өлүмүнө эки тараптуу пневмония, оорунун оор өтүшү, дем алуу жетишсиздиги, мындан тышкары жүрөк жетишсиздиги, кант диабети, полиоргандык жетишсиздик сыяктуу өнөкөт илдеттеринин кесепети тийгени жазылды.

Кыргызстанда коронавирустан каза тапкандардын саны 10 адамга жетти. Ал эми медициналык кызматкерлердин ичинен коронавирус жугузган алгачкы бейтап каза болду. Кыргызстанда коронавирус жалпысынан 207 медицина кызматкерине жуккан. Алардын 139у сакайганы кабарланган. Кыргызстанда коронавиус жугузгандардын жалпы саны - 795.(ZKo)

XS
SM
MD
LG