Быйыл бул күн коронавирус пандемиясы маалында өтүп жатат. Айрым өлкөлөрдө медиа каражаттары пандемия тууралуу так маалыматтарды таратуу укугунан да ажыратылган. АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео пандемия шартында журналисттер оору тууралуу ачык жана кеңири маалымдап, ошол эле учурда өздөрүнүн пикирлери менен да бөлүшкөнү маанилүү деп билдирди. Ал 2-майда жасаган билдирүүсүндө мамлекеттик бийлик көз карандысыз маалымат каражаттарын коргоого алуунун ордуна тескерисинче, айрым өлкөлөрдүн өкмөттөрү эркин маалымат каражаттарынын ишин чектеп, пандемия тууралуу так маалымат таратууга бут тосуп жатышканына токтолду.
Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антонио Гуттериш пандемия маалыматтардын бурмалануусуна, саламаттыкка зыян кеп-кенештердин көбөйүүсүнө алып келди деп билдирди.
Коронавирус пандемиясынан улам Кыргызстанда да өзгөчө абалга байланыштуу бир катар мекеме-ишканалар менен катар журналисттердин да иши чектелген. Бишкек шаарынын комендатурасы жалпыга маалымдоо каражаттарына өткөрмө берүүдөн баш тартып, бул чечимин оорунун жайылышынын алдын алуу аракети менен түшүндүргөн. Журналисттердин ишинин чектелиши депутаттардын, эл аралык уюмдардын жана медиа эксперттердин сынына кабылган.