Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:04

Тажикстанда коронавирустан эки адам өлгөнү кабарланууда


Кожент шаарындагы паркты дезинфекциялоо. Тажикстан. 28-апрель, 2020-жыл.
Кожент шаарындагы паркты дезинфекциялоо. Тажикстан. 28-апрель, 2020-жыл.

Өлкөнүн мамлекеттик телеканалы 2-майда COVID-19 илдетинен эки адам көз жумганын маалымдады. Расмий маалыматтар боюнча, Тажикстанда бүгүнкү күнү коронавирус жуктурган 70 адам катталды.

Тажикистандын президенти Эмомали Рахмон элди "коронавирус пандемиясына каршы чаралардын алкагында мурункудай эле жай турмушта жашоого, күнүмдүк иштерин жүргүзүүнү уланта берүүгө" чакырды. Тажик мамлекет башчысы бул тууралуу 2-майда Хатлон, Согди, Тоолуу Бадахшан автономиялык облустардын жана бир катар шаар-райондордун жетекчилери менен телефон аркылуу сүйлөшкөн учурда билдирген.

Президенттин сайтына жарыяланган маалыматта Рахмон аймактык жетекчилерге COVID-19 вирусуна каршы күрөшүү чараларын жүргүзүү, Саламаттык сактоо министрлиги берген сунуш-талаптарды аткаруу, массалык иш-чараларды тыюу жана эл көп чогулуучу жайларды дезинфекциялоо иштерин үзгүлтүксүз жүргүзүүнү буйруганы кабарланган. Президент алдын алуу иштери жана жеке гигиенаны сактоо жарандардын милдети экенин да баса белгилеген.

Тажик өкмөтү коронавирустун жайылуусунун алдын алуу үчүн өткөн аптадан тартып элге көчөгө беткапсыз чыгууга тыюу салган. Мектептер эки жумалык карантинге жабылып, футбол беттештери токтотулган.

Тажикстан коронавирус илдетин жуктургандар эң кеч катталган өлкөлөрдүн бири. Вирус жуктурган алгачкы учур бул өлкөдө 30-апрелде катталган.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) адистери Тажикстанга 2-майда келери кабарланган.

XS
SM
MD
LG