Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:39

2-майда каза болгон адам жакында эле Екатеринбургдан келген


Екатеринбург-Бишкек каттамындагы чартердик учак. "Манас" аэропорту. 28-апрель, 2020-жыл.
Екатеринбург-Бишкек каттамындагы чартердик учак. "Манас" аэропорту. 28-апрель, 2020-жыл.

Коронавирус илдетинен 2-майда республикалык жугуштуу оорулар ооруканасында каза болгон 69 жаштагы адам 28-апрелде чартердик каттам менен Екатеринбургдан учуп келген. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб маалымдады. Маалыматта айтылгандай, Жалал-Абад облусунун тургуну Екатеринбургдан 28-апрелде учуп келгенден кийин обсервацияга алынган. Анализдери текшерилип, анда COVID-19 вирусу бар экенин тастыкталган соң республикалык инфекциялык клиникалык ооруканага которулган.

Маркум мурда жүрөктүн тубаса ишемиялык илдети, атеросклероз, тубаса бөйрөк жетишсиздиги жана инсулинге көз каранды кант диабети менен жабыркап жүргөнү аныкталган.

28-апрелде Орусиянын Екатеринбург шаарынан чартердик каттам менен 157 кыргызстандык учуп келген. Саламаттык сактоо министрлиги алардын баары алгоритмге ылайык, обсервацияга алынганын маалымдаган.

2-майда Кыргызстанда коронавирус илдетинен эки адам көз жумган. Алардын бири - Бишкек шаарындагы №3 үй-бүлөлүк медициналык борбордо үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жетекчиси, 58 жаштагы Жүзүмкан Көкүмбаева. Каза болгон экинчи бейтап Жалал-Абад облусунун 69 жаштагы тургуну болгон. Штабдын маалыматына караганда бул эки бейтап 2-майда Республикалык инфекциялык ооруканасында коронавирус илдетинен көз жумган.

Кыргызстанда коронавирустан каза тапкандардын саны 10 адамга жетти. Ал эми медициналык кызматкерлердин ичинен коронавирус жугузган алгачкы бейтап каза болду. Кыргызстанда коронавирус жалпысынан 207 медицина кызматкерине жуккан. Алардын 139у сакайганы кабарланган.

3-майга карата Кыргызстанда коронавиус жугузгандардын жалпы саны - 795 адамга жетти.(ZKo)

XS
SM
MD
LG