Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:18

Чукул билдирүү: Өлкөнүн түштүгүндө сел жүрүү коркунучу бар


Сел жууп кеткен үй. Лейлек району. 3-май, 2020-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.
Сел жууп кеткен үй. Лейлек району. 3-май, 2020-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.

4-майда түнкүсүн жана 5-7-май күндөрү Кыргызстандын аймагында туруксуз аба ырайы күтүлөт. Көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо жамгыр карга айланат.

Бул күндөрү Ош, Жалал-Абад, Баткен жана Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаайт. Кээ бир тоо этектеринде жана тоолуу райондордо мөндүр жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы төмөндөйт.

Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин, жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

4-7-май күндөрү нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Ош, Жалал Абад, Баткен облустарынын дарыяларында суунун деңгээли көтөрүлөт, тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү мүмкүн.

XS
SM
MD
LG