Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:35

Аба ырайы: Күн күркүрөп, жаан жаайт


4-майда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо карга айланат. Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаайт. Күндүз Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо карга айланат. Калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, түнкүсүн Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 7…12, күндүз 21…26;
Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн 1…6, күндүз 14…19;
Талас өрөөнүндө түнкүсүн 5…10, күндүз 20…25;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 9…14, күндүз 25…30;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 16…21;
Нарын облусунда түнкүсүн 6…11, күндүз 17…22;
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -3…-8, күндүз 2…7 градус жылуу болот.

4-майда Бишкек шаарында түнкүсүн өткүн өтүп, күн күркүрөйт, күндүз жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы: түнкүсүн 9…11°, күндүз 24…26° жылыйт.

XS
SM
MD
LG