Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Июнь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:40

ИИМ: Милицияга өзгөчө абал учурунда иштегени үчүн кошумча акча төлөнөт


Бишкектеги блокпосттордун бири. Апрель, 2020-жыл.
Бишкектеги блокпосттордун бири. Апрель, 2020-жыл.

Өзгөчө абал учурунда кызмат өтөгөн милиция кызматкерлерине кошумча акчаны төлөп берүү боюнча 12 кишиден турган комиссия иштеп жатат. Бул комиссия ар бир кызматкердин өзгөчө абал шартында кылган ишине жараша төлөнүүчү каражатты аныктайт. Комиссия Конституциянын, “Өзгөчө абал жөнүндө” мыйзамдын жана өзгөчө абал тууралуу башка токтомдордун, укуктук-ченемдик актылардын талаптары менен шарттарын эске алып, чечим чыгарат.

Мындан тышкары аймактардын коменданттары өзгөчө абал учурунда кызмат өтөгөн милиция кызматкерлеринин жана ички аскер кызматкерлеринин толук тизмесин бекитип берүүгө тийиш. Комиссиянын иши 10-майда жыйынтыкталып, чечим чыгат. Бул чечимдин негизинде кабыл алынган акыркы бүтүм Финансы министрлигине жиберилет.

Ички иштер министрлиги быйылкы санитардык-эпидемиологиялык багыттагы өзгөчө абал менен 2010-жылкы июнь окуясындагы өзгөчө абалды салыштырууга болбой турганын эскертүүдө.

ИИМдин билдирүүсүндө: "Азыркы абал - мамлекетибизде санитардык-эпидемиологиялык жагдайды катуу көзөмөлгө алуу. Жарандардын санитардык ченемдер менен эрежелерди сактоосун көзөмөлдөө, санитардык-эпидемиологиялык, санитардык-карантиндик постторду, блокпостторду уюштуруу, мамлекеттик чек аралар аркылуу өткөрүү пункттарындагы санитардык-карантиндик көзөмөлдү күчөтүү, обсервациялык борборлорду күчөтүлгөн режимде кайтаруу жана коомдук тартипти сактоодо, кылмыштуулук менен күрөшүүдө, жер-жерлерде унаа жана жөө тартибинде кайгуулга чыгууда ички иштер органдарынын кызматкерлери башка күч түзүмдөрү жана мамлекеттик органдар менен биргеликте “бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгарып” илдеттен элибизди сактап калуу боюнча жүргүзгөн ишмердүүлүгүбүз – бул биздин кызматтык милдетибиз жана парзыбыз экенин ар бириңер туура түшүнөт деген ойдобуз", деп жазылган.

Ички иштер министрлиги өзгөчө абал учурунда коомдук тартипти сактоого тартылган ар бир кызматкер такталып, аныкталарын жана мыйзам чегинде каржылык колдоо караларын белгилеп, такталбаган маалыматтарды таратпоого чакырган.

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев 30-апрелде Жогорку Кеңеште маалымат берип жатып, укук коргоо органдарынын кызматкерлерине өзгөчө кырдаал шартында мыйзам боюнча айлык акы үч эсе көп төлөнүп берилүүгө тийиш экенин, бирок алар бюджетти колдош үчүн андан баш тартып жатышканын айткан.

Өкмөт башчысынын бул сөзүн айрым депутаттар сынга алып, милиция кызматкерлери өзгөчө абал шартында иштегени үчүн кошумча сый акысын төлөп берүүнү талап кылышкан. (ZKo)

XS
SM
MD
LG