3-майда түштөн кийин нөшөрлүү жамгырдын артынан Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Жаңы-Жол айыл аймагында сел жүрдү.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, жолдун жээгиндеги арыктардан суу ташкындап үч турак жайдын, азык-түлүк саткан үч дүкөндүн короосун каптады. Жолдун бир бөлүгүн суу жеп кетти.
Куткаруучулар жана башка адистер жеринде тазалоо иштерин жүргүзүшүүдө. Жолдун бир тарабына таш тизип жатышат.
2-май күнү кечке жуук мөндүр аралаш катуу жааган жамгырдын айынан Лейлек районундагы бир катар айылдарда да сел жүргөн. Үйлөрдүн короолорун суу каптап, аймакта өзгөчө абал жарыяланган. (RsK)