Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:43

“Журналисттер” бирикмеси карикатура сынагынын мөөнөтүн узартты


2019-жылы «Сөз эркиндиги карикатуристтердин көзү менен» сынагына катышкан сүрөт. «Пресс-конференция». Автору Абдибайит Турсуматов.
2019-жылы «Сөз эркиндиги карикатуристтердин көзү менен» сынагына катышкан сүрөт. «Пресс-конференция». Автору Абдибайит Турсуматов.

3-май - Дүйнөлүк сөз эркиндигинин күнүнө карата “Журналисттер” коомдук бирикмеси жыл сайын карикатура сынагынын жыйынтыгын чыгарып, Бишкектеги жогорку окуу жайларынын биринде көргөзмө уюштурат. Бирикменин маалыматына караганда, быйыл өлкөдөгү өзгөчө абалдан улам иш-чараны өткөрүү белгисиз мөөнөткө жылдырылды. Ал эми карикатураларды кабыл алуу 15-майга чейин узартылды.

"Сөз эркиндиги карикатуристтердин көз карашында" деп аталган сынакка каалаган сүрөтчү катыша алат. Сынак эки жылдан бери "Сорос" фондунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн колдоосу менен өтүп келет.

Сынак февраль айында жарыяланган. Максаты - өлкөдөгү сөз эркиндигинин абалына коомчулуктун назарын буруу, ал эми милдети - карикатура аркылуу бул чөйрөдөгү маселелерди көрсөтүү, карикатура өнөрүн өркүндөтүүгө салым кошуу экени айтылган.

Жеңүүчүлөргө дипломдор жана 20-30 миң сом өлчөмүндө акчалай сыйлыктар тапшырылат. Мындан тышкары 10 миң сомдон кызыктыруучу эки сыйлык бар.

Ар бир автордон бештен ашык эмес эмгек 15-майга чейин journalist.kg@gmail.com жана elvira.zhekeeva@gmail.com электрондук почталары аркылуу «Карикатуралар сынагы» деген жазуусу менен кабыл алынат. Өзгөчө абал алынып калса 720021, Бишкек ш., Ибраимов, көч. 115, 2-кабат, №10 бөлмө дареги боюнча да кабыл алынат.

Жеңүүчүлөр 18-25-майда аныкталат. Алардын ысымдары Бишкекте өткөрүлө турган карикатуралар көргөзмөсүнүн ачылышында аталат. Ошондой эле бул иш-чара учурунда бардык каалоочулар үчүн кесипкөй сүрөтчүлөр карикатура боюнча мастер-класстарды өткөрүшөт.

Кошумча суроолор боюнча + 996 (312) 29-94-52, + 996 (550) 28-18-99, + 996 (777) 45-10-83, +996 (555) 935-223 номурларына кайрылса болот. (TSh)

XS
SM
MD
LG