Бишкек мэриясынын аппарат башчысы Балбак Түлөбаев аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жергиликтүү бийликтин, өкмөттүн, кайрымдуулук фонддорунун жана ишкерлердин аракети менен таратылган жардам боюнча маалымат берди. Анын айтымында, айрым аймактардагы жардам берүү боюнча тийиштүү кызматкерлерге кылмыш иши козголду.
“Кээ бир жерлерде туура эмес таратылып калган учурлар бар. Бирок ал өтө көп эмес. Алар боюнча укук коргоо органдары менен кошо кээ бир маале башчыларына, айыл өкмөттөрүнө кылмыш иши козголуп жаткан учурлар бар”, - деди аппарат башчы.
Ал жардамга байланыштуу коррупциялык иштер болуп жатканы тууралуу эл арасындагы сөздөр боюнча да текшерүү жүргүзүлөрүн билдирди. Түлөбаевдин маалыматына ылайык, Бишкек шаары боюнча 200 миңден ашык жаранга гуманитардык жардам көрсөтүлдү. Ал жардам дагы улантыларын белгилеп, шаардыктарды үйдөн чыкпай отурууга чакырды. (TSh)