Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:04

Жонсон COVID-19 менен кантип ооруганын айтып берди  


COVID-19 вирусуна чалдыгып, жакында эле илдетти жеңип, ишке чыккан Британиянын премьер-министри Борис Жонсон «The Sun» басылмасына жарык көргөн маегинде дарыгерлер өкмөт башчынын абалы оорлоп кеткен учурга даярданышканын айтып берди. Жонсондун айтымында, ден соолугу начарлап, дарыгерлер ар кандай учурларга даяр болушкан.

Өкмөт башчыны жасалма дем алдыруучу аппаратка кошуу ыктымалдыгы да талкууланган. Башында Жонсон «эмне үчүн жакшы боло албай жатканымды түшүнгөн жокмун» деп көңүлү чөгө баштаган. Ооруканага жаткырылып, ага дем алдыруучу беткап кийгизилген. Аны мониторго кошуп, бирок ден соолугу начарлай бергенде гана абалы олуттуу экенин түшүнгөн. Кийин премьер-министрди реанимацияга которушкан.

«Ошол учурда мен ооруну жеңип чыга аламбы деп ойлонуп жаттым. Мен коронавирустун дарысы жок экенин түшүндүм», - деди Жонсон.

Акыры анын ден соолугу жакшы боло баштаган. Жонсон мында дарыгерлердин камкордугу роль ойногонун, бирок сакайып чыгышына эмне себеп болгонун так билбей турганын айтты.

Британиянын премьер-министри Борис Жонсон коронавирус менен катуу ооруп айыккандан кийин 27-апрелде жумушка чыкты. Британ премьер-министри коронавирусту бир айдай мурун жугузуп алган. Оорусу күчөп кетип ушул айдын башында госпиталга жаткан жана үч күн реанимация бөлүмүндө болгон. (TSh)

XS
SM
MD
LG