Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:25

Баткен жана Жалал-Абад облустарында селдин кесепетин жоюу иши уланууда


Аксы району. 3-апрель, 2020-жыл.
Аксы району. 3-апрель, 2020-жыл.

Баткен жана Жалал-Абад облустарында 2-3-майдагы селдин кесепеттерин жоюу иштери уланууда.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 4-майда кабарлагандай, Баткендин Исфана шаарында жалпысынан 30дан ашуун үйдү, жертөлөнү, бала бакчаны жана короону суу каптаган, айрым жерлерде дубалдар бузулган, автожолдорду суу каптап, шагыл толгон. Буга жаандын кесепетинен тоолордон келген сел суусу арыктардан ашып кеткени себеп болгон.

Баткен районунда болжол менен 90 чакырым жол кум шагылга толгон.

Ал эми Жалал-Абад облусу боюнча Аксы районунда арыктарга келген сел суусу батпай, айрым жолдорду жеп кеткен жана жол жээгинде жайгашкан үч азык-түлүк дүкөнүн, үч үйдүн короосун каптаган. Ала-Бука районунда 14 үйдүн короосуна суу кирген.

Өкмөттүн маалыматына караганда, Лейлекте селдин кесепетинин чыгымы 69 миллион сом деп эсептелүүдө. (RK)

XS
SM
MD
LG