Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:43

ӨКМ чукул билдирүү таратты: Нөшөр жаан жана мөндүр жаайт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда жакынкы күндөрү аба ырайы туруксуз болуп, кээ бир аймактарда жаан-чачын катуу жаайт, тоолорго кар жаап, кээ бир жерлерде катуу шамал болот. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлап, чукул билдирүү таратты.

Анда 5-7-майда Ысык-Көл, Ош жана Жалал-Абад облустарында нөшөр жаан, тоолуу аймактарда мөндүр жаап, абанын температурасы төмөндөй турганы айтылат.

4-7-майда Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында нөшөрлөп жаан жаап, дарыялар менен арыктардан суу ашып кетиши ыктымал.

Ушундай эле туруксуз аба ырайы 8-10-майда бардык облустарда да сакталат.

Өткөн аптанын соңунда Баткен облусунда нөшөр жаандан кийин каптаган сел суусу, өкмөттүн эсептөөсүнө караганда, дээрлик 70 миллион сомдук чыгым алып келди. (RK)

XS
SM
MD
LG