Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Декабрь, 2021 жума, Бишкек убактысы 07:58

Бишкек мэриясы шаарга кирүүнү каалагандардан медициналык аныктама талап кылууну көздөп жатат


Бишкек. Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек мэриясы 11-майда өзгөчө абал режими алынгандан кийин да автомашиналардын жана адамдардын жол кыймылына айрым чектөөлөрдү калтырууну көздөп жатат. Бул тууралуу 4-майда онлайн брифингде шаардын вице-мэри Татьяна Кузнецова билдирди.

Анын айтымында, шаар аймагына кирүүнү каалагандар өткөрмө кагаз менен кошо коронавируска анализ (экспресс-тест же ПЦР) тапшырганы тууралуу аныктама көрсөтүшү зарыл болот.

«Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы менен бирге шаар ичинде автомашиналардын жана жөө жүргүнчүлөрдүн өтүшүн чектеш үчүн санитардык постторду коюу маселеси каралууда. Жаңы конуштарда карантиндик чараларды күчөтүү сунушталып жатат. Эгер зарыл болсо райондук акимчиликтер санитардык пост орнотуп, коронавирус табылгандарды жана ооруп калгандар менен байланышта болгондорду аныктоо иштерин жүргүзүшөт», - деди ал.

30-апрелде Бишкек мэри Азиз Суракматов баш калаанын тегерегиндеги жаңы конуштарда коронавирус боюнча абал кооптуу экенин айткан.

4-майга карата калаада илдет жуккан 231 адамдын 69у шаар четиндеги 16 жаңы конушта жашагандар.

231 бейтаптын арасынан Ленин району алдыда - 82 адам. Октябрь районунда 45, Биринчи май районунда 41 жана Свердлов районунда 21 адам.

Бишкектин тегерегинде жалпысынан 47 конуш бар.

Коронавируска байланыштуу Кыргызстанда Коопсуздук кеңешинин чечими менен Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында жана Ат-Башы районунда 10-майга чейин өзгөчө абал, ал эми калган аймактарда өзгөчө кырдаал режими калтырылган. (RK)

Пикирлерди көрүңүз (9)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG