Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:27

Помпео: Коронавирус Кытайдагы лабораториядан чыкканына далилдер бар


Майк Помпео, Вашингтон. 22-апрель, 2020-жыл.
Майк Помпео, Вашингтон. 22-апрель, 2020-жыл.

АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео жаңы коронавирус Кытайдагы лабораториядан чыкканын далилдеген «фактылар абдан көп» экенин билдирди. Жекшембиде «ABC News» телеканалындагы интервьюда Помпео Бээжин COVID-19 жараткан коркунуч тууралуу маалыматты өз убагында айтпай, жаап жашырган деп сындап, «Кытай Компартиясы дезинфомациясы үчүн жооп берет» деди. Ага чейин президент Дональд Трамп бул вирус Ухандагы лабораториядан тараганын айтып, Кытай бийлиги менен катар Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмун да айыптаган.

Ошол эле маалда 30-апрелде Кошмо Штаттардын Чалгын кызматы вирус адамдын аралашуусу жок эле, табигый булактан чыккан деген версияга ыктап жатканын билдирген.

Кытайдын англис тилинде чыгуучу «Global Times» басылмасы дүйшөмбү күнү Помпеонун дооматына комментарий берген. Анда мамкатчынын колунда вирустун Ухандан чыкканын көргөзгөн эч кандай далилдери жок экени айтылат.

«Трамптын администрациясы үгүт өнөктүгүн улантууда жана пандемияга каршы аракеттерге тоскоол болууда» деп жазды гезит.

Дүйнөнү каптаган жаңы коронавирус алгач былтыр декабрда Кытайдын Ухань шаарында катталган.

XS
SM
MD
LG