Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-ноябрь, 2020 жекшемби, Бишкек убактысы 05:38

Орусияда дагы 10,5 миң кишиден коронавирус чыкты


Санкт-Петербургдун четиндеги айыл. 3-май, 2020-жыл.

Орусияда акыркы суткада коронавируска чалдыккан 10 581 киши аныкталды. 76 бейтап көз жумду. Бул тууралуу 4-майда COVID-19га каршы ыкчам штаб билдирди.

Эпидемия башталгандан бери өлкөдө 145 миңден көп киши ооруну жугузуп алды, 1 356сы каза тапты.

Орусияда 11-майга чейин коомдук жайлар, мектептер жана университеттер жабылган. Бир катар аймактардын тургундарына зарыл иш болбосо эки жакка каттоого тыюу салынган.

Саламаттык сактоо министри Михаил Мурашко «Россия 24» телеканалына берген интервьюсунда популяциялык иммунитет пайда болбосо, коронавирустун экинчи толкуну капташы мүмкүн экенин эскертти. Андыктан ал карантин баскыч-баскыч менен алынууга тийиш экенин эске салып, элди май майрамдарында үйдө отурууга чакырды.

XS
SM
MD
LG