Казак Сенатынын спикери болуп президенттик администрациянын жетекчисинин мурдагы биринчи орун басары Маулен Ашимбаев шайланды. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз катчысы Берик Курмангали 4-майда «Фейсбуктагы» баракчасына жазды. Спикердин орду 2-майда президент Касым-Жомарт Токаев Дарига Назарбаеванын депутаттык мандатын токтотуу тууралуу буйрукка кол койгондон кийин бошогон.
Дүйшөмбү күнү Маулен Ашимбаев Сенаттын депутаты болуп дайындалганы жөнүндө буйрук президенттин кеңсесинин расмий сайтында жарыяланган. Ашимбаевдин ордуна буга чейин маалымат жана коомдук өнүгүү министри болуп иштеген Даурен Абаев келди. Ушул эле күнү Борбордук шайлоо комиссиясы Дарига Назарбаеванын депутаттык ыйгарым укуктары токтотулганын жарыялады.
Ашимбаев былтыр июль айынан бери президенттин жардамчысы болуп иштеп, декабрда президенттик администрация жетекчисинин биринчи орун басары болуп дайындалган. Ал буга чейин эки жолу бийликтеги «Нур Отан» партиясынан Мажлистин депутаты болуп шайланган.
Казак Конституциясына ылайык, мамлекет башчы кызматтан кетсе же каза болсо, анын ордун Сенаттын спикери ээлейт.
Кошуна өлкөдө Сенаттын 15 депутаты президент тарабынан дайындалат.