Грекия Лесбос аралындагы мигранттар лагеринен жүздөгөн кишини башка жерге которо баштады. Бул COVID-19дун тарап кетишин алдын алыш үчүн жасалууда. Европа Биримдиги жана укук коргоочу топтор Афины өкмөтүн мигранттарды Эгей деңизиндеги 5 аралдан материк бөлүгүнө көчүрүүгө үндөп келатышат. 3-майдагы расмий маалыматка ылайык Лесбос аралындагы Мориа лагеринен 395 киши которулмак. Грекияда 23-мартта COVID-19дун жайылышын ооздукташ үчүн бир катар карантиндик эрежелер кабыл алынган.
Өкмөт эми дагы 2,5 миңге жакын мигрантты аралдардан көчүрүүнү пландап жатат. Грекиянын 5 аралында 37 миңдин айланасындагы мигрант санитардык шарттары начар лагерлерде баш калкалап келатат. Ал лагерлер 6 200 кишини гана батыра тургандай кылып курулган. Азырынча ал жайларда коронавирус каттала элек. Бирок гуманитардык уюмдар инфекция пайда болсо, бир заматта жайылып кетиши ыктымал экенин эскертишүүдө.