Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:12

Шахмат боюнча онлайн турнирди норвегиялык Магнус Карлсен утту


Магнус Карлсен, 2016-жыл. Архивдик сүрөт.
Магнус Карлсен, 2016-жыл. Архивдик сүрөт.

«Magnus Carlsen Invitational» деген шахмат боюнча онлайн турнирди анын уюштуруучусу, дүйнө чемпиону норвегиялык Магнус Карлсен жеңди. Жекшембиде өткөн финалда ал америкалык Хикару Накамура менен беттешти. Турнирдин байге фонду 250 миң доллар деп белгиленген, жеңүүчүгө 70 миң доллар тийди.

Мелдешке дүйнөнүн 8 эң мыкты гроссмейстери катышты. Турнир коронавирус пандемиясына карабай өткөрүлдү.

XS
SM
MD
LG