Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:57

Бишкекте вирус жуккандардын тогузу үймө-үй кыдыруу учурунда аныкталган


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкекте үймө-үй кыдыруунун натыйжасында тогуз адамдан коронавирус табылды. Бул тууралуу 4-майда борбор шаардын вице-мэри Татьяна Кузнецова билдирди.

Анын айтымында, 40 көчмө бригада иштеп жатат. Алар карантинде отургандарды жана коронавирус жуккан адамдар менен байланышта болгондорду текшерүүдө. 4-майга карата жалпысынан 2073 үйдү кыдырып чыгышты.

«690 адамдан эскпресс-тест алышкан. Натыйжада тогуз адамдын анализи таза эмес болуп чыккан», - деди ал.

Кузнецованын айтымында, көчмө бригадалар негизинен кооптуу деп эсептелген 75 жерде, айрыкча жаңы конуштарда иштөөдө.

Кыргызстанда коронавирус жуккандарды аныкташ үчүн үймө-үй кыдыруу болорун 24-апрелде вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирген.

Ал оорунун жайылышынын алдын алуу иштеринин кийинки этабында илдет жуккандар менен билбей байланышта болгондорду же алар менен байланышта болгонун билип туруп жашыргандарды аныктоо жүрөрүн, бул үчүн бир апта бою эпидемиологиялык иликтөөлөр жүрүп, үймө-үй кыдыруу болорун айткан.

4-майга карата Бишкекте илдет жуккан 231 адамдын 69у шаар четиндеги 16 жаңы конушта жашагандар.

Бишкектин тегерегинде жалпысынан 47 конуш бар. (RK)

XS
SM
MD
LG