Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:27

Абылгазиев: карантин мөөнөтү аяктай элек, обочолонуу тартибин сактагыла


Мухаммедкалый Абылгазиев.
Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өлкө жарандарына кайрылып, жоопкерчиликтүү болууга жана карантин мөөнөтү токтогуча обочолонуу тартибин сактоого чакырды. Абылгазиевдин кайрылуусун өкмөттүн басма сөз кызматы таратты.

Анда премьер-министр жумуш орундарын жана жарандардын кирешесин сактоо максатында айрым тармактардын иштешине баскыч-баскыч менен уруксат берүү жөнүндө чечим кабыл алынганын белгиледи. Абылгазиев жарандар муну карантин режими токтотулду деп кабыл албашы керек экенин айтты.

«Мен белгилей кетейин, андай эмес! Жумушка уруксат алгандардан башка бардык жарандар карантинди сактоого тийиш. Бүгүн вирус менен күрөштө маанилүү баскычка келдик, ал ар бир жарандан жоопкерчиликти жана тартипти талап кылат. Биз жумшаган бардык күч-аракетибиздин текке кетишине жол бере албайбыз», деп айтылат өкмөт башчынын кайрылуусунда.

Өкмөт башчы 1-майдан баштап иштешине уруксат берилген мекеме-уюмдар санитардык талаптарды аткарбаса жетекчилери жеке жоопкерчиликке тартыларын эскертти.

1-майдан баштап Кыргызстанда коронавируска байланыштуу киргизилген айрым чектөөлөр алынып, ишмердүүлүктүн кээ бир түрлөрүнө уруксат берилген.

Баш калаанын ичиндеги тосмолор алынды. Жеке автомашина менен жүрүүгө чектөө жок. Бишкектин комендатурасы жалпысынан 120 миң киши жумушка чыкканын маалымдады. Алар - курулушта, өнөр жай тармагында, техникалык тейлөөдө иштегендер, чач тарачтар жана дүң соода жүргүзүүчүлөр, такси айдоочулары, нотариустар.

Ушул күндөрү көчөдө эл көбөйгөнү байкалууда. Айрым жерлерде автомашиналардын тыгыны да пайда болгонун социалдык түйүндөрдүн колдонуучулары кабарлап жатышат.

Коронавируска байланыштуу Кыргызстанда Коопсуздук кеңешинин чечими менен Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында жана Ат-Башы районунда 10-майга чейин өзгөчө абал, ал эми калган аймактарда өзгөчө кырдаал режими калтырылган. (TSh)

XS
SM
MD
LG