Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:08

Иран парламенти жаңы улуттук валютага өтүүнү колдоду


Ирандын улуттук акчасы - риал.
Ирандын улуттук акчасы - риал.

Иран парламенти улуттук акча - риалдан 4 нөлдү алуу тууралуу сунушту колдоп добуш берди. Бул чара америкалык санкциялардан жана пандемиядан улам пайда болгон гиперинфляцияга каршы чара катары көрүлүүдө. ИРНА жана ИСНА маалымат агенттиктери кабарлагандай, мыйзам чыгаруучулар риалды томан деген акча менен алмаштырууну жактырышты. 1 томан 10 миң риалга барабар болмокчу.

1925-жылдан бери Ирандын улуттук валютасы болуп келаткан риал акыркы айларда 60% арзандаган. Мыйзам долбоорун эми конституциялык көзөмөл органы ратификациялашы керек. Мамлекеттик телеканал билдиргендей, Ирандын борбордук банкы 2 жылдын ичинде томанга өтүү планын иштеп чыгууга тийиш. 4-майда расмий эмес базарда АКШнын бир доллары 156 миң риалга сатылып жатты.

XS
SM
MD
LG