Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:33

Чет өлкөдөн 29 кыргызстандык мекенине келди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

4-майда Казакстандын көмөгү менен Украинадан, Австриядан, Венгриядан, Чехиядан жана Словакиядан 29 кыргызстандык кайтып келди. Бул тууралуу республикалык штаб билдирди.

Маалыматка ылайык, Украина авиакомпаниясынын коммерциялык чартердик каттамы аркылуу Тараз шаарынын аэропортуна Киев-Будапешт-Тараз маршруту боюнча келген жарандар Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигинин кызматкерлеринин коштоосунда атайын транспорт менен Бишкекке жеткирилди. Эрежеге ылайык, чет өлкөдөн келгендер обсервацияга алынат.

Өкмөт чет өлкөдөгү жарандарды мекенине кайтарууга аракет кылып жатканын билдирди. Ушул күндөрү Орусиядан жүздөгөн жарандар Кыргызстанга келе албай турушат. (TSh)

XS
SM
MD
LG